KELECHEK
rek

Мажилис Назарбаевдин канцеляриясына бир миллиард теңге бөлүү сунушун колдоду

Мажилис Назарбаевдин канцеляриясына бир миллиард теңге бөлүү сунушун колдоду

Казакстандын мажилис депутаттары үч жылдык республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун жактырып, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин канцеляриясына бир миллиард теңге бөлүү сунушун колдоду.

4-апрелде сенат өлкөнүн үч жылдык бюджети тууралуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн мажлиске кайтарган. Анда ага Элбашынын канцеляриясынын чыгымдарын, ошондой эле айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү 1-июлдан 1-июнга жылдырууга жана Астананы Нур-Султан деп өзгөртүүгө кетчү чыгымдарды кошуу сунушталган.

Мажилистин Каржы жана бюджет комитетинин мүчөсү Серик Кусаиновдун айтымында, бул максаттар үчүн бюджеттен 38 миллиард теңге бөлүнөт. Мажилис депутаттары мыйзам долбоорун талкуулабастан эле бир добуштан колдоп беришти.

Буга чейин өлкөнүн каржы министринин орун басары Татьяна Савельева Нурсултан Назарбаевдин канцеляриясын түзүүгө бир миллиард теңге (2,6 миллион доллар) сарпталарын билдирген.

Өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев быйыл мартта президенттик ыйгарым укуктарын токтоткон. «Биринчи президент — улут лидери жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга ылайык, Назарбаевге өлкө тарыхында болуп көрбөгөндөй жеңилдиктер берилет: батир, дача, автоунаа, пенсия, мамлекеттик күзөт, банк эсептеринин, мүлкүнүн өмүр бою кол тийбестиги жана сот жоопкерчилигине тартылбоо укугу.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13