KELECHEK
rek

Түркмөнстанда суу үчүн акча төлөбөгөн жумушчуларга айлык берилбей жатат

Түркмөнстанда суу үчүн акча төлөбөгөн жумушчуларга айлык берилбей жатат

Иллюстрациялык сүрөт

 «Ашхабад суу чарбасы» ишканасы суу үчүн акча төлөбөгөн кызматкерлерине март айы үчүн айлык бере элек. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Ашхабад суу чарбасы ишканасынын жумушчулары март айы үчүн айлык алышкан жок. Апрелдин башында аларга биринчи кварталда пайдаланган суу үчүн 50 манаттан (расмий курс боюнча 3,5 манат 1 долларга барбар) төлөшү керектигин айтышкан. Анда эгер бул сумма суу чыгымдарынан ашык болсо, калганы кайтарылып бериле турганы айтылган», — деп жазды басылма.

Ишкана жумушчуларынын айтымында, алардын көбүндө акча жок болгондуктан, талап кылынган сумманы ала элек айлыктарынын эсебинен төлөөгө туура келүүдө. Бирок бул төлөмдөр үчүн аларга эч кандай дүмүрчөк берилген эмес.

Азырынча бул боюнча ишкана жетекчилигинен түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Апрелдин башында «Ашхабад суу чарбасы» ишканасы шаар тургундарына кайрылып, аларды суу эсептегичтерди орнотууга, суу жана канализация үчүн акча төлөөгө чакырган.

Жаңы эрежелер быйыл жыл башында күчүнө кирген. Өлкө жетекчилиги калкка бекер суу, газ жана электр энергиясын берүү боюнча жеңилдиктер жоюла турганын былтыр сентябрда билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...