KELECHEK
rek

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт

9-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылуу жасап, быйыл 9-июнда кезексиз президинттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин 19-мартта жарыялаган. Бирок ал Казакстандын Коопсуздук кеңешин башчысы жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын жетекчиси кызматтарын сактап калган.

Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, Казакстандын президенти кызматына киришкен. Ошол эле күнү өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева парламенттин спикерлигине шайланган. Анын талапкерлигин буга чейин сенаттын төрагасы кызматын аркалап келген жаңы президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Талдоочулар Назарбаеваны өлкө башчылыгына негизги талапкер катары эсептеп келишет.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыгат. Ал Казакстанда 1979-жылы эле бийликке келип, алгачкы жолу 1990-жылы президент болгон. Андан кийин бул кызматка бир нече жолу шайланган. Анын акыркы президенттик ыйгарым укуктары 2020-жылы аякташы керек болчу. Назарбаев 2017-жылы эле мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү эң узак башкарган президент болуп калган.

65 жаштагы Токаев — сенаттын мурдагы төрагасы, Казакстандын экс-премьер-министри жана мурдагы тышкы иштер министри. Ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Назарбаевдин 19-марттагы жарлыгына ылайык, ал президенттин учурдагы ыйгарым укуктары аяктай турган 2020-жылдын декабрына чейин мамлекет башчынын милдеттерин аткарышы керек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24