KELECHEK
rek

Казакстандын 11 аймагында бейтаптар өздөрүнө тиешелүү дары-дармектерди алышкан эмес

Казакстандын 11 аймагында бейтаптар өздөрүнө тиешелүү дары-дармектерди алышкан эмес

Казакстандын 11 аймагында бейтаптар 4,3 миллиард теңгеге жазылган дары-дармектерди алышкан эмес. Бул тууралуу 8-апрелде Казакстандын Ден соолукту сактоо министрлигинин фармация комитетинин төрайымы Людмила Бүрабекова билдирди.

Бүрабекованын айтымында, бекер дары-дармектерди жеткирүү үзгүлтүккө учурап жатканы тууралуу көптөгөн арыз түшкөндөн кийин министрлик аймактарда текшерүү жүргүзгөн.

Натыйжада бейтаптар өздөрүнө тиешелүү препараттарды албаганы, ошол эле маалда “Дары менен камсыздоо маалымат системасында” дарылар берилди деген белги коюлганы аныкталды.

Комитет жетекчиси маалымдагандай, 2016-2017-жылдары Казакстандын 11 аймагында 4,3 миллиард теңгеге (11 млн доллар) тете дары-дармек пайдаланылбай калган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура 20дан ашык кылмыш ишин козгоду.

Күн мурун Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги баракчасына саламаттык сактоо системасына бир триллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөнүн жазган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38