KELECHEK
rek

«Ак-Тилекте» кезек күткөн автоунаалар эки эсе азайды

«Ак-Тилекте» кезек күткөн автоунаалар эки эсе азайды

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалар эки эсе азайды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган өткөрмө бекеттин жетекчиси Азамат Анарбаев кабарлады.

Мунун алдында өкмөттүн басма сөз кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде иштей баштаганын билдирген.

Маалыматка караганда, «Ак-Тилектеги» абал боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев казак өкмөт башчысы Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн жолдорун талкуулаган. Жетишилген макулдашууга ылайык, Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына жөнөтүлгөн. «Казакстандагы жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өткөнү» айтылат.

19-марттан бери кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» бекетинде да автоунаалардын өтүшү кыйындап, ал жерде 240ка жакын жүк тарткан автоунаа топтолуп калган. Өкмөттүн маалыматына караганда, казак тарап 5-апрелден тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу машинелерди мурдагы режимде өткөрө баштады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38