KELECHEK
rek

Экономика министрлиги: кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ЕАЭБдин нормаларын бузууда

Экономика министрлиги: кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ЕАЭБдин нормаларын бузууда

Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча кеңешүү үчүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясындагы мүчөлөрүн чакыртып алууну сунуштады.

«Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматына караганда, чек арада азыр төмөнкү документтер текшерилип жатат: CMR (эл аралык товар жана транспортту коштоп жүрчү кагаздар), ТТН (товар менен транстпортту коштоп жүрчү кагаздар), инвойс же эсеп-фактурасы,транспорт каражатынын техникалык паспорту жана чек арадан өткөндүгү тууралуу талондор. Мындай аракеттер жашыруун бажы көзөмөлүн жүргүзүү болуп эсептелет. Бул биримдиктин нормаларына каршы келет, ошондой эле ЕАЭБдин ички базарында товарлардын эркин жүрүүсү жөнүндө айтылган ЕАЭБ тууралуу келишимдин 25-беренесинин жобосун бузат», - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-казак чек арасында товарлар жүктөлгөн жүк унааларын текшерүү 19-марттан тарта күчөтүлгөн. Товар алып бараткан ар бир транспорт каражаты узакка текшерилип, буга байланыштуу алардын чек арадан өтүү убактысы созулуп кеткен.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 2-апрелдеги маалыматы боюнча кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 253 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турган.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38