KELECHEK
rek

Орусияда баш калкалаган Өзбекстандык белгилүү кримтөбөл акталды

Орусияда баш калкалаган Өзбекстандык белгилүү кримтөбөл акталды

Кылмыш дүйнөсүндө «Хусан Московский» деген ат менен белгилүү өзбек ишкери Хусан Зиямухаммедовго карата козгологон кылмыш иши жабылды. Бул тууралуу Өзбекстан элитасына жана кримтөбөлдүн үй-бүлөсүнө жакын өз булактар билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча ишкер Хусан Зиямухаммедовго карата өткөн жылдын апрелинде кылмыш иши козголгон. Ага мамлекеттин макулдугусуз Орусияга айыл чарба азыктарын, тактап айтканда жашылча-жемиштерди экспорттогон деп айып тагылган. Андан тышкары мыйзамсыз түрдө чет өлкөлүк валюта жүгүрүртүү менен шыгуулдангандыгы белгиленген.

“Азаттыктын” өз булактары билдиргендей, 60-жаштагы ишкерге карата козголгон кылмыш иши 26-апрелде Ислам Каримовдун Москвага жасаган сапарынын кийин токтотулган.

Хусан Зиямухаммедовго Өзбекстандан Орусияга жашылча-жемиш экспорттоо укугу дагы берилди.

– Мындай чечимди тендер өткөрбөй эле кабыл алышты. Май айынан тарта Хусан Зиямухаммедов Орусияда туруп экспорт ишин көзөмөлдөйт. Ага карата козголгон кылмыш ишин жаап ташташты. Бирок Хусан неси болсо дагы Ташкентке барган жок, -деди өз булак.

Кылмыш ишин токтотууда анын “кубаттуу кудасы” – белгилүү ишкер жана кримавторитет Салим Абдувалиев негизги ролду ойногондугу айтылууда. Ал «Салим-байбача» ысымы менен дагы белгилүү.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53