KELECHEK
rek

Өзбекстанда аким дарыгерди сабап таштады

Өзбекстанда аким дарыгерди сабап таштады

Каршин районунун жаңы акими Асрор Бойкароев оорукананын башкы дарыгери Сардор Эркаевди сабап таштаган. Чиновник догдур иште ката кетиргенин айтса, жабырлануучу күнөөсү жок экендигин билдирүүдө.

«Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, аким башкы дарыгерди жерге көтөрүп чапкан. Кабарчынын айтымында, Карши району президенттин келишине даярдык көрүп жаткан. Оорукананын бет маңдайындагы имарат көчөнүн келбетин бузуууда деген жүйө менен аны түртүтүрүү чечими кабыл алынган. "Бирок дубалдарды талкалап жатканда уранды астында эки адам калып калган. Алар катуу жаракат алышкан эмес. Мындай кабарды уккан аким Асрор Бойкароев ооруканага келип, башкы дарыгерди урган. Ал эс-учун жоготуп, жерге жыгылды», - дейт кабарчы.

Бул аймакта жашаган дагы бир күбө бул окуяны тастыктады. «Аким чындыгында көптөгөн адамды сабады. Ал элдин көзүнчө атасындай болгон дарыгердин бетине муштум урду. Жакында эле белгилүү фермерди катуу урган эле. Жыйынтыгында дыйкандын денеси көгала болуп, жаракат алган»,- деди ал.

Жергиликтүү тургундар аким өз ишин ур-токмоктон баштап жаткандыгына нааразы.

"Мен мурда мындай чоң муштум, зөөкүр чиновникти көргөн эмесмин. Ал өз билгенин кылат. Маселен, Бешкентте кызыл түс көрүүгө болбойт. Короо-жайдын барын ак же сары өң менен боётуп таштады. Көрсө, кызыл түс империянын символу экен. Бирок мамлекеттик желекте сары эмес, кызыл түс бар экендигин айтууга эч кимдин дарамети жетпейт. Ким ага каршы чыкса, ур-токмокко алат. Президент мындай бай-манаптарга сын-пикир айтканы менен, акимге чара көрүлбөй келет",- окутуучулардын бири.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...