KELECHEK
rek

Шаркеттен чыгуу үчүн ЕБ Улуу Британияга убакыт берет

Шаркеттен чыгуу үчүн ЕБ Улуу Британияга убакыт берет

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери шаркеттен чыгуу үчүн Улуу Британияга убакыт берет. Бул тууралуу шейшемби күнү Брюсселде Германия канцлери Ангела Меркель билдирди.

Ал ошол эле маалда биримдиктен чыгуу чечимин кабыл алган британ шайлоочуларын артка кетенчиктетүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин кошумчалады.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерондун айтымында, Brexit системасы менен өткөрүлгөн шайлоолордун жыйынтыгына карбай, анын өлкөсү Европадан жүз бурбай, коңшулук алаканы бекемдөөгө умтулат.

Бул арада Лондондо Евробиримдиктен чыгууга каршы миңдеген адам катышкан нааразычылык акциясы өттү. Оппозициялык маанайдагы лейбористтер партиясы референдумду кайра өткөрүүнү талап кылууда.

“Улуу Британиянын Евробиримдикте мүчө катары калышына болгон күч-аракетимди жумшадым. Бирок ийгиликке жетпедим”, – деди Кэмерон. Отставкага кетерин жарыялаган премьер-министр Улуу Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы келечектеги мамилеге кабатыр болууда. Брюсселде бүгүн улана турган саммитке Кэмерон катышпайт.

Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Британияны шаркеттен чыгаруу жараянын баштоого Европа бүгүн эле даяр деп билдирди. Бирок, алгач өлкөдөгү талаш-тартыштарга чекит коюлушу керек деген пикирде.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02