KELECHEK
rek

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги жашоочуларды көчүрүү боюнча буйрук берди

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги жашоочуларды көчүрүү боюнча буйрук берди

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүлүүсү туралуу буйрук берди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

 

Алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун жетекчилигинин астында жана КР ӨКМнен түзүлгөн топ Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылында болуп өткөн жер көчкүнү жеринде барып аныктоо максаттында иш сапарында жүрдү.

 

Эскерте кетсек, Алмалуу-Булак айылында 2016-жылдын 23-апрелинен 24-апрелине караган түнү Үч-Чат участкасында болжол менен көлөмү 1 млн.200миң м3 жер көчкү жүргөн. Экинчи жолу 26-апрелде саат 07:00 чамасында ушул эле участкада болжол менен көлөмү 50 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Үчүнчү жолу 27-апрелде саат 17:30 чамасында Үч-Чат жайлоосунда 100миң м3 болгон жер көчкү түшкөн.

 

Ал эми 2016-жылдын 30-апрелинде эртең мененки саат 05:30да Уч-Чат участкасында кайрадан көлөмү 1млн. м3 жер көчкү түшкөн.

 

Мындан сыткары, 28-апрелде Алмалуу-Булак айылынын Башы участкасында саат 18:00 чамасында болжол менен 1 млн. 600 миң м3 жер көчкүсү түшүп. Көчкүнүн астында 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан калып, бир суткадан кийин жансыз денеси табылган жана дагы 7 турак жайды басып калган.

 

Учурда кооптуу абалдан 76 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө.Үй-бүлөөнү көчүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын жана КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери тарабынан тийиштүү жумуштар алып барылууда.

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен Сузак районунун башкы администрациясында райондук Жарандык коргоо комиссиялары жана айыл аймактарынын башчыларынын катышуусунда ыкчам жыйын болуп өттү.

 

Жыйында министр “Кооптуу аймакта жашаган участкаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, жер участкасын жана ссуданы алып көчбөгөн жашоочуларга чара колдонушу керек. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин кеңешип коопсуз жерден участак алып, тез арада жашоочуларды коопсуз жайларга көчүрүп кетиңиздер” – деди Кубатбек Боронов.

 

Жалал-Абад облусунда 1064 көчүрүлүүгө тийиштүү турак үйлөр жайгашкан, анын ичинен 147 кожолук турак жайларга ссуда берилбей калган.

 

КР ӨКМнин адистери быйылкы жылы жер титирөөлөрдүн кайра-кайра кайталанып жатышына жана жаан-чачындын көп болгондугунан улам жер көчкүлөрдүн активдешүүсүн эскертет.

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...