KELECHEK
rek

Сириянын чыгышындагы ИМ террордук тобунун акыркы чеби кулады

Сириянын чыгышындагы ИМ террордук тобунун акыркы чеби кулады

АКШ колдогон сириялык оппозициялык күчтөр Сириянын чыгышындагы Багхуз шаарын ээлешти. Ал "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби деп саналчу. Жүздөгөн согушкерлер багынып беришкени кабарланды.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз катчысы Мустафа Бали “Багхуздагы лагерди ээлөө – чоң кадам болгону менен, жеңиш тууралуу айтууга али эрте” деп билдирди. ИМ тобунун көзөмөлү алдында Евфрат суусунун жээгиндеги чакан аянт калды. Мындан тышкары террорчулардан бошотулган аймактарда да жашырынган топтордун келечекте баш көтөрүү коркунучу жогору.

Багхуздун алынышы - "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Сирияда жарыялаган “халифаттын” жок болушун билдирет. Акыркы төрт жылдан бери АКШ колдогон козголоңчулар “халифатты” жок кылуу багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүштү.

Мустафа Балинин айтуусунда, Багхузда туткунга алынгандардын арасында Сириянын түндүгүндөгү терактка шектүүлөр да бар. Быйыл январдагы жардыруудан 16 киши өлгөн, анын төртөө АКШ жарандары.

Wall Street Journal гезити АКШ Сирияда 1000ге чейин аскер кызматкерин калтырууга ниеттенип жатканын жазды. Бирок жогорку кызматтагы америкалык генерал бул маалыматты четке какты. Үч ай мурун АКШ президенти америкалык аскерлерди Сириядан чыгарып кетерин билдирген. Бул чечимди көптөгөн америкалык саясатчылар сындап, Кремль колдогон. Кийинчерээк АКШ Сирияда 200дөн ашуун аскерлерин тынчтык орнотуучулар миссиясынын курамында калтырууну пландап жатканы айтылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...