KELECHEK
rek

Кыргыз-тажик чек арасындагы элдин маанайы

Кыргыз-тажик чек арасындагы элдин маанайы

Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тирешүү чыгып, 13-мартта ал жерде ок атылып, адамдар жабыр тартканы кабарланган.

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чыр-чатакты жөнгө салыш үчүн төрт күндүк сүйлөшүү да өткөрүштү. Дал ошол чек арада жашаган элдин маанайы кандай? Жашоо өз нугуна түшүп, кастык басылдыбы? "Азаттык" радиосунун кыргыз, тажик кызматынын кабарчылары Жеңиш Айдаров, Медербек Ниязалиев жана Маъсум Мухаммадраджаб эки элди бөлүп турган чек арадагы айылдарды кыдырып келишти.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын чек ара боюнча сүйлөшүүсү 18-мартта аяктап, биргелешкен протоколго кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан Баткендеги Тажикстандын анклавын айланып өткөн Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун улантат. Тажикстан кыргыз айылдарын кыйгап өткөн Исфара-Сомониён-Ворух багытындагы жаңы жолун сала баштайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 13-14-марттагы чыр-чатактарга байланыштуу жети факты боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тергөөнү Тажикстандын Башкы прокуратурасы менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан түзүлгөн бириккен топ жүргүзөт. Аларга ИИМ жана башка органдар көмөктөшөт.

20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги чек арадагы жагдай боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Анда чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алганы, бузуку иштерге жол бербөөнү тапшырганы кабарланды.

Жогорку Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу маселени бир сыйра талкуулап, өкмөт башчы келбегенине байланыштуу аны кийинки аптада карамай болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы аныкталган.

Негизинен Тажикстан менен Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору чектешип, талаштуу жерлер да ушул аймакта арбын.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41