KELECHEK
rek

Сот «Супер-Инфонун» жактоочуларынын арызын канааттандырды

Сот «Супер-Инфонун» жактоочуларынын арызын канааттандырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Супер-Инфо» гезитинин жактоочуларынын арызын канааттандырып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) аталган гезитти салыктык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу токтомун жокко чыгарды.

Гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова райондук соттун чечими тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди:

«2019-жылдын 26-февралында Финполиция «Супер-Инфо 2016-жылдан ушуга чейинки убакыт боюнча салыктык текшерүүдөн өтсүн» деп токтом чыгарган. 27-февралда «2013-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин текшерилсин» деп дагы бир токтом чыгарган. Биз ушул эки токтомдун аткарылышына каршы болуп, «Жөнү жок текшерүү. Токтом жокко чыгарылсын» деп Биринчи май райондук сотуна кайрылганбыз. Райондук сот биздин арызды канааттандырды».

Буга чейин «Супер-Инфо» гезитинин жетекчиси Шаиста Шатманова Финполицияга сурак берип чыккан. Ал гезиттин нускасы тууралуу Насыкулов аттуу жарандын жаңылыш жазган арызынын негизинде чакырылганын айткан.

Финполиция 15-мартта «Супер-инфо» гезити курулай актанып жатканын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы «ЖМКны колдоо борборунун» башкы буюртмачысы «Компьютер пресс» ЖЧКсы («Супер-инфо» гезити) экени аныкталды, дал ушул гезит менен нуска боюнча айырмачылыктар бар экен» деп маалымат тараткан. Гезит бул маалымат эски экенин билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...