KELECHEK
rek

Өзбекстанда ишкер “жылаңач” каршылык акциясына чыкты

Өзбекстанда ишкер “жылаңач” каршылык акциясына чыкты

12-мартта Анжиян облусунун Асака шаарында Paynet төлөмдөрүн кабыл алуу күрөсүнүн алып салууга каршы чыккан ишкер жылаңач чечинип алып, асфальт жолго жатып алган.

“Бул Асака шаарынын башчысы Хурсанд-хожи Paynet күрөксүнүн ээсине келип, аны түрттүрүп саларын айткан күнү болду. Бул жигит психикалык жактан соо. Болгону ушундай ыкма менен жападан жалгыз киреше булагынан ажыратып жаткан бийликке каршылык көрсөткөн”, – деди окуяга күбө болгон жергиликтүү ишкер.

Окуя ички иштер органдары тарабынан каттоодон өткөн эмес. Күркөнүн ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Асака шаарынын башчысы Хурсандбек Юлдашев Нажмиддин Кубро көчөсүндө жайгашкан Paynet күркөсүн мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иш-чараларынын негизинде түртүрүүгө аракет жасаганын түшүндүрдү. Бирок аткаминер күркөнүн ээси жылаңачтанып алып, каршылык билдиргени тууралуу маалыматты четке какты.

Асака шаарындагы чиновниктердин биринин айтымында, калаа бийлиги Paynet төлөмдөрүн кабыл алуу күркөсүн түртүрүү демилгесинен баш тарткан. “Бийлик сестенди, себеби мындай “жылаңач” акция Өзбекстанда биринчи жолу болуп жатат. Жергиликтүү аткаминерлер түшүнүп турат, эгер бул маалымат президентке жетсе, көптөгөн “баштар” ыргыйт”, – деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53