KELECHEK
rek

Атамбаев: Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм

Атамбаев: Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм

Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде билдирди. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы уюштурган митингде Атамбаев "Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын" айтты.

“Өмүр бою үй-бүлөлүк авторитардык режим менен күрөшүп келип ичин көрбөй, тышын гана көрүп, ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм”,-деди Атамбаев.

Ал "өз катасын оңдоого аракет кыларын жана чындыкты айтарын" кошумчалады.

Атамбаев азыркы бийликти үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түштү деп айыптап, мындан баш тартууга чакырып, Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

“Сооронбай Жээнбеков, сен жалаң гана партияны, "Айкөл Ала-Тоону" бөлгөн жоксуң. Сен элибизди бөлүп жатасың. Мен "эл түндүк-түштүк болбосун, эл бир болсун" деп сени Оштон, Кара-Кулжадан алып келгем. Сен элибизге жарака кетирип, элди бөлө баштадың. Куран окуганга чейин кирише баштадың. Кеч боло электе токто! Анткени эл деген сел. Эл чыдайт. Бирок канчага чейин чыдай турганын билбейм. Эл бир күнү ойгонсо, аны эч ким токтото албайт. Биз аны көргөнбүз", - деди Атамбаев.

Экс-президент элге эгемен Кыргызстан керектигин, мамлекет башчылары башка өлкөнүн жетекчилери менен тең ата саясат жүргүзүшү керек экенин айтты.

Ал убакыт өткөн сайын азыркы бийлик Курманбек Бакиевдин бийлигин эстетип жатканын айтып, өткөн жылдан баштап анын үй-бүлөсүнө кысым күчөгөнүн билдирди.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үй-бүлөлүк башкарууга кайтпай турганын айтып келет. Кечээ Аксыдагы эскерүү жыйынында да Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин кландык башкарууга жол бербей турганын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12