KELECHEK
rek

Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган спорт залдын ачылыш аземи болду

Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган спорт залдын ачылыш аземи болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды.

Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин территориясында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата 2012-жылы курулган музейди көрүп чыкты. Директор Урмат Назаров музейдин түзүлүшүнүн тарыхын айтып берип, экспонаттарга кыскача экскурсия жасады. Президент музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.

Ал ошондой эле жергиликтүү калктын колдоосу менен ашар ыкмасы менен курулган «17-март» спортзалынын ачылышына катышты.

Спортзалды курууну колдоо максатында, Президент Сооронбай Жээнбековдун фондунан 1,5 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Ачылыш аземинен кийин орто мектептин окуучулары Аксы окуялары боюнча кыскача театрлаштырылган оюн көрсөтүштү.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочуларды спортзалдын ачылышы менен куттуктап, Аксы районунда башка аймактардагыдай эле социалдык объекттер курулуп жатканын эске салды.

Ал дагы бир жолу Аксы окуяларынын Кыргызстандагы эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү маанисине токтолуп, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашын каалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41