KELECHEK
rek

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-мартта, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук реформага байланыштуу өлкөнүн бардык тармактарындагы реформаларды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда болуп жаткан жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Ал бизнес кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу жана жагымдуу инвестициялык жагдай түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

«Ардактуу консулдар Кыргызстанды чет өлкөлөрдө таанытууга өз салымын кошуп, көптөгөн иш-аракеттерди жасап жатышат», — деп белгиледи ал.

Президент өлкөнүн социалдык мекемелерине колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук иштерди жасап жатышкан Германиядагы Ардактуу консулдар Элердингдин жана Крэммелдин ишин белгиледи. Япониядагы Ардактуу консулдар Мидзусако жана Накаджима Кыргызстанга саламаттыкты сактоо жана маданият тармагында жардам берүү боюнча активдүү иш алып барып жатышат. Россиядагы Ардактуу консулдар Владимир Трофимов, Алексей Чиналиев, Таалайбек Абдиев, Талантбек Намазбеков, Казакстандагы Ардактуу консул Талгат Айтбаев мекендештерге жардам берип, ар кандай долбоорлор менен алектенип жатышат.

«Биз консулдарга алардын аткарып жаткан жумушу үчүн абдан ыраазыбыз. Ардактуу консулдар институту экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда, мигранттарга жардам берүүдө потенциалы чоң. Экономикалык байланыштарды күчөтүү, чет элдик инвестицияларды, компанияларды жана туристтерди тартуу абдан маанилүү», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу багыттары энергетика, транспорт, таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, маалыматтык технологиялар, туризм, айыл чарба, продукцияларды экспорттоо экенин дагы бир жолу эске салып, Ардактуу консулдардын көңүлүн «экономикалык дипломатия» жаатында ишти активдештирүүгө бурду.

Жолугушууда бир катар Ардактуу консулдар сөз сүйлөп, бардык багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдарынын 5-Кеңешмеси өтөөрүн, бирок, бул форматта өлкөнүн Президенти менен жолугушуу биринчи жолу өтүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы мындай жолугушуулар салтка айланып каларына ишеним билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12