KELECHEK
rek

Түркмөн мамлекеттик басылмалары калкты жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга чакырууда

Түркмөн мамлекеттик басылмалары калкты жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга чакырууда

Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары коомдо үй-жайсыз жаныбарларга катаал мамиле болуп, ошол эле маалда мамлекет аларга камкордук көрүп, гумандуу мамиле жасап жатканын жазышты. Буга чейин жергиликтүү жаныбарларды коргоочулар Ашхабадда жолбун иттер менен мышыктар жапырт атылып жатканын айтып чыгышкан.

«Түркмөнстан Алтын кылым» мамлекеттик басылмасы ээси үчүнчү кабаттан ыргытып жибергенден кийин жаракат алган иттин окуясын баяндап, кийин аны башка үй-бүлө багып алганын жазды.

«Ориент» басылмасы өлкөдө жолбун жаныбарлардын көйгөйүн чечүү үчүн бийлик борборлоштурулган клиника жана баш калкалоочу жайларды ачуу чечимин кабыл алганын белгилеген.

«Мамлекет биздин катабызды, таш боордугубузду оңдоп жатат десек болот. Ал биздин жаныбарларга болгон жоопкерчилигибизди өзүнө алып жатат», — деп жазды басылма.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабадда жана Түркмөнстандын башка аймактарында жолбун жаныбарларды атуу өнөктүгү күч алганын жана аларга катаал мамиле жасалып жатканын кабарлаган.

Түркмөн бийлиги быйыл жыл башынан бери күн сайын шаар көчөлөрүндө жүргөн иттер менен мышыктарды кармап жатат. Буга чейинки жылдары алар мамлекеттик майрамдардын жана ири спорттук иш-чарлардын алдында гана кармалып келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...