KELECHEK

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан» баш тартышы мүмкүн

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан» баш тартышы мүмкүн

Кытайдагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун төрагасы Шохрат Закир Пекин акырындык менен аймактагы «жарандарды кесипке үйрөтүүчү борборлордон» баш тартышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Гонконгдогу англис тилдүү South China Morning Post гезити жазды.

«Жалпысынан айтсам, андагы адамдар акырындык менен азаят. Кайсыл бир күнү ал борборлор коом үчүн керек болбой калганда жабылышы мүмкүн. Азыр ал жактагы адамдардын саны тез-тез өзгөрүп турат. Бирок буга чейин айтылгандай алардын саны миллиондон кыйла аз », — деди Закир.

Басылма белгилегендей, Шохрат Закир аталган борборлордун ачылышы убактылуу чара экенин айткан жогорку кызматтагы алгачкы кытай аткаминери болду.

Пекин Шинжаңдагы бул жайларды «билим берүү борборлору» деп атап, алардын жардамы менен «азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүн» коомго аралаштырып, «экстремизм жана терроризмге» каршы күрөшүп жатканын билдирип келет. Былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттер тобу даярдаган баяндамада Кытайдын түндүк-батыш провинциясында «антиэкстремисттик борборлордо» миллионго жакын, мындан тышкары «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» дагы миллион адам мажбурлап кармалып турганы жазылган.

Шинжаңда уйгур, казак, кыргыз өңдүү азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрү жапырт кармалып, атайын түзүлгөн «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» жеткирилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын ортосунда пайда боло баштаган.

Күбөлөр андагы шарттар өтө начар экенин жана ал жактарда эч кандай кесипке үйрөтүү жок экенин билдиришкен. Айрым күбөлөр борборлордо кыйноолор болорун да айтышкан. Укук коргоочулар «кайра тарбиялоо» лагерлеринин» максаты аталган улуттардын «иденттүүлүгүн талкалоо» деп эсептеп келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ашхабад: жума баяндарда президенттин душмандарына наалат айтылды

Ашхабад: жума баяндарда президенттин душмандарына наалат айтылды

Ашхабаддагы мечит. Май, 2019-жыл.

Ашхабадда имамдар жума намаздан кийинки баяндарда жарандарды...

Газа сектору менен Израилдин чек арасында 50 палестиналык жаракат алды

Газа сектору менен Израилдин чек арасында 50 палестиналык жаракат алды

Газа секторунда нааразылык акциясына чыккандар

Израиль мамлекетинин негизделгендигинин 71...

Регнум: Ирина Хакамаданын Ташкентте лекция окуусуна тыюу салынды

Регнум: Ирина Хакамаданын Ташкентте лекция окуусуна тыюу салынды

Орусиялык коомдук ишмер Ирина Хакамаданын Ташкентте лекция окуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу...

Алишер Усманов Улуу Британиянын эң бай 10 жашоочусунун катарына кирди

Алишер Усманов Улуу Британиянын эң бай 10 жашоочусунун катарына кирди

The Times басылмасы Улуу Британиянын эң бай 1000 жашоочусунун тизмесин жарыялады. Анын...

ЕККУ Өзбекстанда бир нече сайттардын кайра иштеп башташын кубаттады

ЕККУ Өзбекстанда бир нече сайттардын кайра иштеп башташын кубаттады

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Маалымат каражаттарынын эркиндиги маселеси боюнча...

Помпео Берлинге сапарын токтотуп, Багдадга барды

Помпео Берлинге сапарын токтотуп, Багдадга барды

7-май кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео алдын ала жарыяланбаган сапары менен Иракка...