KELECHEK
rek

Өзбекстанда камактагылар менен чогуу иштөөгө мажбурланган абак кызматкерлери нааразы болушууда

Өзбекстанда камактагылар менен чогуу иштөөгө мажбурланган абак кызматкерлери нааразы болушууда

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жазаларды аткаруу кызматына таандык «Зангиота 24» абагынын кызматкерлери жетекчилик аларды камактагылар менен чогуу иштөөгө мажбурлап жатканына даттанышты.

Алардын айтымында, кызматкерлер абактын аймагындагы эски имараттарды бузуу ишине негизги жумушу аяктагандан кийин тартылууда.

«Алар бизди 14-февралдан бери иштөөгө мажбурлап жатышат. Түнкү кызматтан кийин биз күндүзгү нөөмөттө иштейбиз. Биздин 12 сааттык кызматыбыз 24 саатка созулуп кетүүдө. Биз дагы адамбыз да, ар бирибиздин өз көйгөйүбүз, үйдө ишибиз бар. Бизге эч кандай материалдык жардам берилбейт, ал эмес түшкү тамак да уюштурулбайт. Абак жетекчисине кол алдындагыларды кулдай иштетүүгө ким укук берди? Ушундай чоң министрликте техника, жумуш күчү жокпу?», — деп жазышкан алар.

Абак кызматкерлеринин биринин айтымында, болжол менен 100 кызматкердин үчтөн бири күнү-түнү эски имараттарды бузуп иштеп жатат.

«Алар бизди 14-абактан келген 15 камактагы адам менен чогуу иштегенге мажбурлап жатышат. Алар жакшы иштешпейт, чай ичип отура беришет. Аларга кыйкыра да алышпайт, дароо эле президенттин порталына кайрылышат. Күнү-түнү уктабаган бизге алардын алы жетет. Жумушсуз калбайлы деп чаңда иштеп жатабыз», — деди ал.

Түрмө жетекчилиги бул маалыматтар боюнча текшерүү жүргүзүп, андан кийин гана суроолорго жооп бере турганын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53