KELECHEK
rek

АКШнын Финансы министрлигинде Орусия боюнча стратегиялык бөлүм түзүлдү

АКШнын Финансы министрлигинде Орусия боюнча стратегиялык бөлүм түзүлдү

АКШнын Финансы министрлиги Терроризмге каршы күрөшүү жана каржы чалгыны башкармалыгынын курамында Орусия боюнча стратегиялык бөлүм түздү.

Маалыматка караганда, жалпысынан мекеменин алдында бул сыяктуу алты бөлүм ачылып, алардын баары тең эң жогорку приоритеттеги маселелерди чечүүгө багытталган.

АКШнын финансы министринин терроризмге каршы күрөшүү жана каржы чалгыны боюнча орун басары Сигал Манделкердин айтымында, Орусиядан тышкары Түндүк Корея, Иран, «Ислам мамлекеттик» тобу, виртуалдык валюта, адам укуктары жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча «стратегиялык таасир этүү бөлүмдөрү» түзүлдү.

АКШ администрациясы буга чейин санкциялык тизмелерге Орусияга байланышкан 270тен ашык жеке жана юридикалык жактарды киргизген. Орусияга каршы алгачкы санкциялар 2014-жылы Крымдын аннексияланышына жана Москванын Украина чыгышындагы жаңжалга кийлигишүүсүнө байланыштуу АКШ жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөр тарабынан киргизилген.

2018-жылы Батыш өлкөлөрү Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү жана Сергей Скрипалдын ууландырылышына байланыштуу Москвага карата жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүндүгүн билдиришкен. «Ошону менен катар биз санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар орусиялык компанияларга дагы чектөөлөрдү киргизүүнү караштырып жатабыз. Алсак, Түндүк Корея боюнча программабыздын алкагында орусиялык банкка санкция киргиздик. Сирия жана Иран боюнча программалардын алкагында санкциялык тизмеге Орусиянын Энергетика министрлигинин туунду компания киргизилди», — деп билдирди финансы министринин орун басары.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53