KELECHEK

Тазабек Икрамов «гомосексуализм» сөзүн айта албай койгондугу боюнча түшүндүрмө берди

Тазабек Икрамов «гомосексуализм» сөзүн айта албай койгондугу боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте «гомосексуализм» сөзүн дароо айта албай койгондугу боюнча түшүндүрмө берди.

«Айрым журналисттер менин гомосексуализм жөнүндө айткан пикиримдин үзүндүсүн кесип, түрдүү ракурста беришти. Ооба, мен жаңылып калдым. Палатадагы кызуу талкуу маалында эмоцияларымды кармай албай, ал сөздү туура эмес айтып алдым. Өлкө борборунда элибиздин салтына каршы иш-чара өтүп, аны айрым кесиптештер колдоп жатса, жиним келди. Ошондуктан мен эмоцияларымды кармай алган жокмун. Анан да ал жигиттер айтпашы керек болгон сөз», - деди депутат.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Анда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Өз кезегинде бул көпчүлүк жарандардын кыжырын келтирген.

13-мартта парламент бул жүрүштүн уюштуруучулары жана максаттары тууралуу УКМК жана ИИМ өкүлдөрүнүн маалыматын уккан. Депутат Тазабек Икрамов аларга суроо берип жатып, «гомосексуализм» сөзүн шар айта албай, социалдык түйүн колдонуучуларынын сынына кабылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык...

«Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты болду», — деп белгиледи Кыргыз...

CАЯСАТ 2019-03-18  11:40

Атамбаев: Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм

Атамбаев: Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн кечирим сурайм

Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде...

CАЯСАТ 2019-03-18  12:33

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу...

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-мартта, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү...

CАЯСАТ 2019-03-16  11:25

ЖК депутаты Айнура Осмонова: Республикадагы 40 райондун бирин да аял...

ЖК депутаты Айнура Осмонова: Республикадагы 40 райондун бирин да аял...

Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова 15-мартта...

CАЯСАТ 2019-03-16  01:11

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кезектеги сүйлөшүү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кезектеги сүйлөшүү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи...

CАЯСАТ 2019-03-15  22:13

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын чет...

CАЯСАТ 2019-03-14  16:55

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали...

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали...

Бүгүн, 14-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан...

CАЯСАТ 2019-03-14  20:06