KELECHEK
rek

Соттолгон саясатчылар өздөрүн актоо үчүн БУУга кайрылууга ниеттенишүүдө

Соттолгон саясатчылар өздөрүн актоо үчүн БУУга кайрылууга ниеттенишүүдө

Саясий туткундарды коргоо комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда репрессияланган саясатчыларды толук актоо демилгесин көтөрүп чыкты. Алар бийлик саясатчыларды «соттолгон» деген макамын сактоо менен, аларды «саясий мунжу» кылууга аракеттенип жатат деп эсептешет.

Абактагы жана эркиндикке чыккан саясатчылар учурда өздөрүнүн акталуусу үчүн сот органдарына, прокуратурага жана эл аралык уюмдарга да кайрылышууда.

Саясий туткундарды коргоо комитети Атамбаевдин бийлиги тушунда анын режимине каршы чыккан саясатчыларды "жок жерден айыптаган" деп, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди, экс-баш прокурор Индира Жолдубаеваны, "бир жактуу каралоого катышкан" деп КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков баштаган бир катар журналисттерин, "Дело №" гезитинин редакторун, айрым журналисттерин сот жоопкерчилигине тартуу демилгеси менен чыкты. Муну негиздеген резолюцияны аталган комитет 12-марттагы жыйынында кабыл алды. Жыйындын катышуучулары айрым саясатчыларды камактан бошотуу менен бийлик өзүнө саясий упай топтоого аракет кылып жатат деп эсептешти.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин маалыматы боюнча, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны отузга чукул. Өткөн жумаларда бул тизмеге кирген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жаңы кодекске ылайык жаза мөөнөтү аяктады деген негиз менен эркиндикке чыгышкан. Саясий туткундарды коргоо комитети да Асанов менен Кадыровду толук актоо максатында ишин кайра кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган. Азырынча прокуратурадан жооп боло элек. Ушул тапта юристтер булардын иши боюнча БУУнун адам укуктары комитетине кайрылуу жолдоп жатышат.

Абакта отурган, эркиндикке чыккан саясатчылардын адвокаттары алардын ишин кайра кароо же актоо өтүнүчү менен Омбудсмен институтуна да кайрылып жатышканын акыйкатчы Токон Мамытов "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Саясий туткундарды коргоо комитетинин демилгесин комментарийлөөдөн баш тартты.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин эсебинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда отуз чамалуу саясатчы соттолуп, камалган. Алардын ичинде мурдагы баш прокурор Аида Саляновага карата чыккан сот өкүмү кичинекей кызы бар экендигине байланыштуу күчүнө кире элек. Ал эми Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Эрнест Карыбеков, Төрөбек Колубаев азырынча камакта.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53