Кытай ТИМи казак активисти Билаштын кармалышы боюнча комментарий берди
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Лю Канг Казакстанда активист Серикжан Билаштын кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.
Лю Кангдын айтымында, Билаш Казакстандын аймагына «мыйзамсыз кирген».
«Анын Кытайда карыздарына байланышкан маселелери болушу мүмкүн. Мындай адамдар ар кандай нерселерди ойлоп таап, чуу чыгарууга маш болушат. Мунун артында кандай максаттар турганын түшүндүрүп деле кереги жок деп ойлойм», — деди Лю Канг.
Серикжан Билаш Кытайдын Шинжаң аймагында туулган. Кийин Казакстанга келип, жарандык алган. 2017-жылы "Ата журт ыктыярчылары" уюмун түзүп, Кытайда кармалган улуттук азчылыктардын, кыргыз, казак, уйгурлардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруп жүргөн. Шинжаңда жакындары камакта калганын жана дайынсыз экенин айткан казакстандык, кытайлык кайрылмандардын катышуусунда тынымсыз маалымат жыйындарды уюштуруп келген.
Активист 10-марттын түнү Алматыда кармалып, Астанага жеткирилген. Эртеси сот аны үй камагына чыгарган. Эми ал эки айга чукул мөөнөттө үй камагында болот. Астананын прокуратурасы активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга каршы жихадга чакырган» деген айыптын негизинде кармалганын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53