KELECHEK
rek

Депутаттар 8-марттагы жүрүш боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угат

Депутаттар 8-марттагы жүрүш боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угат

Парламент 8-мартта өткөн жүрүштүн максаты жана анын уюштуруучулары тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угат.

Депутат Жылдыз Мусабекова 13-марттагы парламент жыйынында Борбор Азияда биринчи жолу гей-парад өткөнүн билдирип, жүрүштүн максаты тууралуу маалымат алуу үчүн парламентке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрүн чакырууну талап кылды.

Анын бул демилгесин депутат Алмазбек Эргешов колдоп, Кыргызстанда мындай жүрүштөрдү өткөрүү туура эмес экенин билдирди. Төрага Дастан Жумабеков парламент укук коргоо органдарынын маалыматын угуп, бирок эч кандай чечим кабыл албай турганын, анткени ал үчүн маселе алгач комитеттерде каралышы керектигин айтты.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Анда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Өз кезегинде бул көпчүлүк жарандардын кыжырын келтирген.

Бүгүн Бишкек мэриясынын алдында «ЛГБТны үгүттөөгө уруксат берген адамдын Бишкек шаарынын жетекчиси болууга укугу жок» деген жазуулардын коштоосунда мэр Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53