KELECHEK

Судья Эрнис Чоткараев жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган деп айыпталууда

Судья Эрнис Чоткараев жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган деп айыпталууда

Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев «жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган, ири суммадагы акчаны кымырып алган» деп айыпталып жатат.

Башкы прокуратура бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады жана тергөө үчүн материалдарды УКМКга өткөрүп берди.

Башкы көзөмөл орган былтыр күзүндө ошол кездеги Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараевдин кол тийбестигин алуу боюнча Тартип комиссиясына кайрылган. Чоткараевдин качып кеткени тууралуу ошондо эле маалыматтар чыккан.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватованын«Азаттыкка» билдиргени боюнча, мындан улам мекеме судьяга Жазык кодексинин 320 жана 204-беренелери, тактап айтканда, «Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди кылуу» жана «Аткезчилик» боюнча айып такты.

​«Аталган судья башка сот кызматкерлери менен бирге 2017-2018-жылдардагы административдик иштерди жок кылган, -деди ал. - Ошондой эле ал судья амбулатордук дарыланууда жүргөндө административдик иштерди караган. Андан сырткары, 2015-жылдан 2018-жылдын сентябрына чейин жол эрежесин бузган, автоунааны мас болуп, баңгизат колдонуп, дагы башка жолдор менен кызып алып автоунаа айдаган жарандар төлөгөн 4 миллион 711 миң сом айыппулду алдамчылык жол менен өздөрүнө ыйгарып алган. Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды», — деди Куватова.

Соттогу «Азаттыктын» ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда, Эрнис Чоткараев былтыр октябрда дарыланууга кеткен. Бирок ошондон бери жумушка чыга элек. Акыркы жолу Орусиянын Москва шаарынан байланышка чыккан. Октябрь райондук соту Тартип комиссиясына аны кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөттү.

УКМК болсо Эрнис Чоткараевге издөө жарыяланганын билдире элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутаты мушташта каза тапты

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутаты мушташта каза тапты

Токмок шаарында Чүй районундагы жергиликтүү...

Астанада жарылуудан ураган имараттын алдынан бир аялдын сөөгү табылды

Астанада жарылуудан ураган имараттын алдынан бир аялдын сөөгү табылды

Астанада жарылуудан улам урап түшкөн «Молпродуктсервис»...

Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши өлдү

Эфиопиядагы авиакырсыктан 157 киши өлдү

"Боинг-737" 10-март күнү эртең менен...

Орусиядагы заводдо чыккан өрттөн кыргыз жарандары жабыркады

Орусиядагы заводдо чыккан өрттөн кыргыз жарандары жабыркады

Орусиянын Гороховец шаарындагы айнек идиштерди...

Бала сатуу боюнча сот: эки киши кылмышты мойнуна алды

Бала сатуу боюнча сот: эки киши кылмышты мойнуна алды

Бишкектин Биринчи май райондук соту бала сатууга байланыштуу ишти кароону улантты. Анда эки медицина...

Өзбекстанда химиялык зат ичип алган окуучунун өлүмү боюнча...

Өзбекстанда химиялык зат ичип алган окуучунун өлүмү боюнча...

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Фергана облусунда 9-класстын окуучусу белгисиз химиялык...