KELECHEK
rek

Иранда аткаминерлердин “опсуз” чоң айлыгы коомдо жаңжал жаратты

Иранда аткаминерлердин “опсуз” чоң айлыгы коомдо жаңжал жаратты

Иранда жогорку кызматтагы бир нече мамлекеттик кызматкердин ири өлчөмдө айлык алары ММК аркылуу  жарыяланып,  калктын 30 пайызы жакырчылыкта жашаган коомдо чоң ажырым жаратты.

Маселен, мамлекеттик камсыздандыруу компанияларынын биринин жетекчиси өзүнө 30 миң доллар айлык чектеп алган. Дагы бир мекеме башчынын айлыгын жана сый акысын кошкондо маянасы 65 миң долларга жакындайт. Бул мамлекеттик мекемелердеги минималдык – 200-300 доллар айлыктан 200 эсе жогору болууда.

Мындай маалымат жарыялангандан кийин өзүнө эң жогорку айлык коюп алууга шектелгендердин бири камакка алынды. Бул тууралуу Ирандын башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Носир Сиродж билдирди. Өздөрүнө ашкере жогору айлык чектеп алган аткаминерлердин тизмеси түзүлүп, тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Ирандын Жогорку Сотунун төрагасы Содик Лариджани мамлекеттик мекеменин башчысы катардагы кызматкерден 50 эсе жогору айлык коюп алышын туура эмес көрөт. “Бул адилетсиздик. Мыйзамдуу болгон учурда дагы мындай басмырлоого жол берилбеши керек”, - дейт ал.

Ларанджини ошол эле учурда бул теманы көбүртүп жабыртуудан оолак болууга үндөдү. Жаңжал Ирандын аброюн түшүрүүгө колдонулбашы керектигин белгиледи.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53