KELECHEK
rek

Өзбекстанда химиялык зат ичип алган окуучунун өлүмү боюнча териштирүү башталды

Өзбекстанда химиялык зат ичип алган окуучунун өлүмү боюнча териштирүү башталды

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Фергана облусунда 9-класстын окуучусу белгисиз химиялык заттан өлгөнүн тастыктады. Буга чейин маркумдун туугандары “классташтары ага зордоп химикат жуткурганын” билдиришкен.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 15-февралда 16 жаштагы өспүрүм үйүнөн белгисиз зат ичип алып, 26-февралда ооруканада көз жумган.

9-класстын окуучусу тирүү кезинде белисиз затты №17 мектептин 10-классынын окуучусунан алып, үйүнө келип ичип алганы тууралуу түшүнүк кат жазып берген.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, химиялык заттын мектептин лабораториясында сакталышы боюнча териштирүү жүрүп, бирок мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Мектепте окуучуга кысым көрсөтүлгөн деген маалыматтар дагы тастыкталган жок.

Бирок маркум кайсыл химиялык затты ичип алганы азыркыга чейин так белгисиз.

Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү боюнча химиялык заттан улам баланын ичегилери, ашказаны эзилип, он эки эли ичегиси химиялык күйүк алган.

Расмий маалматтар боюнча сот тарабынан дайындалган химиялык экспертиза уланууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...