KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков облустардын жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков облустардын жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-февралда, Өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда республиканын аймактарын өнүктүрүү боюнча маселелер жана чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарында 27-28-февралда өткөн «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясы аймактарды жана жалпысынан өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка тиешелүү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болгонун белгиледи.

Ал дагы бир жолу аймактарды өнүктүрүү маселеси чиновниктердин ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт болушу керектигин баса белгиледи, анткени аймактардагы актуалдуу маселелерди чечмейинче, өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эмес.

Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдоп берген өлкөнүн көпчүлүк ишкерлеринин позициясын ыраазычылык менен белгиледи. «Бирок бул демилгени жергиликтүү бийлик колго алган жоксуңар. Силердин аракетиңер, эмгегиңер, демилгеңер чечүүчү роль ойнойт», — деп айтты Президент жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып жана бул багыттагы жумушту күчөтүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков инвестициялык долбоорлорду тартуу максатында башка өлкөлөрдүн бир тууган шаарлары менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө дагы бир жолу эске салды. Аймактарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда алардын жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13