KELECHEK
rek

Турсунали Рустамов Тажикстандын «Худжанд» клубу менен келишим түздү

Турсунали Рустамов Тажикстандын «Худжанд» клубу менен келишим түздү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Тажикстандын жогорку лигасында ойногон «Худжанд» клубу менен бир жылга келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Рустамовдун айтымында, алгач ал Өзбекстандын «Анжиян» клубу менен келишим түзүү үчүн Ташкентке барып, бирок келишимдин шарттары боюнча бир пикирге келе албай калышкан.

«Ошол учурда Ташкентте окуу машыгуусунда жүргөн «Худжанд» клубунда ойноо сунушу түштү. Ал жактан жаңы клуб үчүн самарканддык «Динамо» менен болгон оюнга чыгып, беттештин башталышында гол киргиздим. Командада мыкты футболчулар чогулган. Алардын көбүн тааныйм, ошол себептен жакшы тосуп алышты. Март айында аталган клуб АФК кубогунда оюндарын баштайт», — деди футболчу.

«Худжанд» 1992-жылдан бери Тажикстандын жогорку лигасында ойнойт. Ал былтыркы сезондун жыйынтыгында чемпионатта экинчи орун алып, алтынчы жолу өлкөнүн вице-чемпиону болгон. 6чы жана 13-мартта «Худжанд» клубу АФК кубогунун плей-оффтук оюндарынын алкагында «Алай»-«Ахал» командаларынын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен ойнойт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20