KELECHEK
rek

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

 «Сапат» (мурдагы «Себат») билим берүү мекемеси окуучуларга карата жасалган мамиле тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн #metoosebat хэштеги менен жазгандары боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Сапаттын» жетекчиси Нурлан Кудайбердиев билдирди.

Анын белгилешинче, мугалимдердин балдарга карата жасаган мамилеси дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө.

«Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди 10-15 жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт. Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ким эмне болгонунун баарын сурайбыз. Окуучуга туура эмес мамиле кылган мугалимдер болуп калса иштен алынат», — деди ал.

Акыркы күндөрү мурдагы «Себат» түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү «Твиттерде» #metoosebat деген хэштегдин алдында мектептердеги мугалимдердин окуучуларга кылган мамилесин, окуучулардын арасындагы чоң муштумдук жана башка жагымсыз окуялар тууралуу эскерип жазып жатышат.

Учурда «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу он алты лицей, төрт мектеп, бир жогорку окуу жайы бар. 90-жылдары түрк лицейлери катарында Кыргызстанда ачылган «Себат» билим берүү мекемелери 2017-жылдан тарта аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, аны негиздөөчүлөр курамы Кыргызстандын билим берүү министрлигинин карамагына кирген. Буга Анкаранын бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына таандык мектептерди, анын ичинде кыймылга таандык делген «Себат» мектептерин да жабууну талап кылганы негиз болгон. Расмий Бишкек «Сапат» өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын, мамлекет үчүн коркунучу жоктугун билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30