KELECHEK
rek

Ак үй: Сирияда АКШнын 200дөй аскери калат

Ак үй: Сирияда АКШнын 200дөй аскери калат

АКШнын Сириядагы аскерлери

АКШ Сириядан аскерлерин чыгаргандан кийин ал өлкөдө Кошмо Штаттардын 200дөй жоокеринен турган «ыктыярчылар тобу» убактылуу калат. Бул тууралуу бейшемби күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди.

Анын айтымында, президент Дональд Трамп мындай чечимди бейшемби күнү кечинде, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алган. Сандерс бул кадам АКШнын эл аралык коалициядагы европалык союздаштарынын Сирияда жүздөгөн аскерлерин калтырып, «коопсуз аймактарды» түзүү иштерине көз салуусуна мүмкүнчүлүк түзө турганын кошумчалады.

Бирок азырынча 200 америкалык ыктыярчынын Сирияда канча мөөнөткө кала тургандыгы жана алар кайсыл жерде жайгаштырыла тургандыгы белгисиз.

АКШнын президенти Сириядан аскерлер чыгарыла турганын былтыр жыл соңунда билдирген. Анда Трамптын бул чечимине каршылык иретинде өлкөнүн коргоо министри Жеймс Мэттис отставкага кеткен.

Трамптын каршылаштары америкалык аскерлерди дароо чыгарып кетүү АКШ менен бирге Сириянын түндүк жана чыгыш аймактарында исламчыларга каршы күрөш жүргүзүп жаткан күрт отряддарын коркунучка кептей турганын айтып келишет. Түркия жергиликтүү күрттөрдү терроризмди колдоого айыптап, аларга карата аскердик операция даярдап жатканын бир нече жолу билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52