KELECHEK
rek

Казакстанда журналисттер митингге чыгышат

Казакстанда журналисттер митингге чыгышат

Казакстанда бир нече журналист ММКларды каттоо тартибине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы митингге чыгуу боюнча арыз беришти. Казакстан маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев нааразылык акциясы өтсө барып, өз пикирин ортого саларын айтты.

Чиновник журналисттерди аккредитациядан өткөрүү эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү казакстандык ММКлардын башкы редакторлору суранганын белгиледи. Бирок алардын ысымдарын атаган жок.

Абаевдин айтымында, документ сынга алынгандыктан, “модератор регламентин” бузгандарды аккредитациядан ажыратуу тууралуу бөлүм жокко чыгарылышы мүмкүн.

«Журналисттер мамлекеттик органдар өткөргөн иш-чарага келишип, андан соң бир нече бөлмөлөрдү кыдырып чыгышат. Ички регламент болгон учурда мындай көрүнүштөргө жол берүүгө болбойт. Иш этикасы бар, биринчи суроо жөнөтүү керек, биз болсо жооп берүүгө милдеттүүбүз. Маселен, эгер сиз чиновникти коридордон жолуктурсаңыз, суроо берсеңиз болот, бирок иш бөлмөсүнө кирип баруу – туура эмес», – деди Абаев.

Абаев журналисттерди аккредитациядан өтөрүү эрежелери жөнүндө буйрукту өзгөртүү долбоору коомдук талкууга коюлганын, документ тараптардын пикирин эске алуу менен кабыл алынарын кошумчалады.

Казакстандык журналисттер өкмөттүн бул чечимин сынга алып, жаңы эрежелер жарандардын маалымат алуу укугун чектей турганын билдиришүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13