KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков: Мамлекеттик каржы институттары 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берди (ФОТО)

Президент Жээнбеков: Мамлекеттик каржы институттары 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берди (ФОТО)

“2018 -жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-февралда Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

“Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт. Бул региондор үчүн иштей турган Фонд болот”, - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент РСК Банк тарабынан региондорго берилген кредиттердин өлчөмү 852 млн сомго, же 11 пайызга көбөйүп, азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурганын белгиледи.

Айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырып, Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом, мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп кредит берилгенин, кредиттердин саны 5 миңге жакын өскөнүн айтты.

“Мен премьер-министр болуп турганда Кепилдик фондун түзгөнбүз. Эмне үчүн региондор өнүкпөй келген? Анткени кредиттер келбей, бюджеттик кредиттик саясат аларга жетпей келген. Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок. Мына эми бул маселеге көңүл бурулуп, Мамлекеттик кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө, Фонд тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн. сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 3 млрд сомго жакын кредит беришти. Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү продукциясына каражаттарды бурабыз”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

“Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздери чыңдалды, региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды. Бул каражаттар биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат, максаттуу кетет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ордуңарда отура бербей, кыймылдагыла, каражаттарды тартканды үйрөнгүлө, бизнести өнүктүргүлө, ага жардам бергиле, кысымга албагыла”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38