KELECHEK
rek

«Этно-Ош» чыгармачылык тобу фестивалга катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти

«Этно-Ош» чыгармачылык тобу фестивалга катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти

Кечээ, 28-июнь күнү “Этно-Ош” эстрада-фольклордук тобу Казакстанда өтө турган эл аралык этно-джаз жана “Кымызмурундук” фольклордук-этнографиялык фестивалга катышуу үчүн Астана шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, узатуу салтанатына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шакир Зулимов, маданий жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдын атынан вице-мэр Нурбек Кадыров сөз сүйлөп, “Этно-Ош” чыгармачылык тобуна ийгиликтерди каалады.

“ Бул кадам Ош шаары үчүн чоң сыймык. Жаңы гана түзүлгөн чыгармачылык топтун аракети күч. Алардын ар бир аткарган чыгармасы элдердин жүрөгүнөн түнөк тапты. Андыктан “Этно-Ош” эстрада-фольклордук тобу Казакстанга барып маданиятыбызды жар салып, ийгилик менен кайтат деп терең ишенем”,- деди Н.Кадыров.

Айта кетсек, “Этно-Ош” чыгармачылык тобу 1-2-июль күндөрү Астана шаарында өтүүчү эл аралык этно-джаз фестивалында үч чыгарма менен таланттарын тартуулайт. Ал эми 4-5-июль “Кымызмурундук” фестивалына фольклордук жанрдагы чыгармалар менен катышат. Чыгармачылык топтун сапардык чыгымдарын Ош шаардык мэриясы колго алган.  

Белгилей кетсек, «Этно-Ош» фольклордук тобу өткөн жылы Ош шаардык маданият башкармалыгында алдында түзүлгөн. Быйыл 30-апрелде алгачкы концертин тартуулаган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29