KELECHEK
rek

Майк Помпео: «Ирандагы терактка АКШнын тиешеси жок»

Майк Помпео: «Ирандагы терактка АКШнын тиешеси жок»

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматына берген маегинде Ирандагы терактка АКШ менен Израилдин тиешеси жок экенин билдирди. 13-февралда Ирандагы теракттан 40тан ашык адам, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери мерт болгон.

Теракт Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Систан провинциясынын Чабахар шаарындагы аскер базасынын жанында болгон. Бийликтин маалыматы боюнча Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мүчөлөрү бараткан автобуска жанкечти-террорчу кол салган. Анын жыйынтыгында 20дан ашык аскер кызматкери жана бир нече жай тургун мерт болгон. Мындан тышкары дагы 20 адам жаракат алган.

Ирандын ТИМ башчысы Мохаммад Жавад Зариф «Твиттер» баракчасына Ирандагы теракт бекеринен Варшавада башталган Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык конференция ачылган күнү болбогонун жазды. Ал жыйынга 60 өлкө, анын ичинде Израиль, АКШ жана араб өлкөлөрү катышууда. Анда АКШ делегациясынын курамында Майк Помпео дагы бар.

Помпео «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматына берген интервьюсунда «АКШнын бул терактка эч кандай тиешеси жок экенин» белгиледи.

«Көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Жавад Зариф менен жолуккан. Ал өзүн токтоо саясатчы деп жүрөт. Бирок анын бул билдирүүсү — таптакыр токтоолукка жатпайт. Адам өлтүрүүгө америкалыктар менен израилдиктерди айыптоо — бул эч кандай токтоо позиция эмес. Бул Зариф менен президент Рухани – Ирандын башка лидерлериндей эле радикал экенин көрсөтүп турат», — деди Помпео.

Ал ошондой эле качандыр бир кезде Иран азыркыдай башкаларга коркунуч туудурган «радикалдуу» өлкө болбой калат деген үмүтүн билдирди. Мамлекеттик катчынын айтымында, Тегерандын саясий багыты сырткы таасирлерден улам эмес, өзүнүн ичинде өзгөрүшү керек.

«Коалиция биримдикте жана Ирандан келип жаткан коркунуч реалдуу деген жыйынтыкка келди. Мындай пикирди жайгашкан аймагына карабастан бардык өлкөлөр айтышты. Бул коркунучка кандай реакция кылуу керектиги боюнча пикирлер ар кандай болуп жатат. Бирок биз дагы деле Ирандын мындай аракети өлкөнүн өзүнүн жашоочуларынын жардамы менен өзгөрүшү керек деп эсептейбиз. Ирандын жашоочуларынын үнү угулушу керек. Алар (ирандыктар) үндөрүн уккандай кылып, бийликти, укуктарын коргоп калышат. Ирандын эли — акылдуу, жөндөмдүү адамдардан турат. Алардын артында тарыхтын көптөгөн кылымдык тажрыйбасы бар. Алар өз өлкөсүн башкара алышат. Ошондо бүтүндөй Жакынкы Чыгыш кыйла коопсуз аймакка айланып, Ирандын өзүнүн жашоочулры үчүн коопсуздук орнойт», — деди мамлекеттик катчы.

«Биз ал адамдарды Ирандын ичинде колдоо үчүн болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Алардын эртеби-кечпи өздөрү көптөн бери каалап келгендей жашоого жетишине тилектешпиз. Анда Жакынкы Чыгыштын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн жашоочулары үчүн коркунуч болбошу керек», – деди Помпео.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...