KELECHEK
rek

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өттү

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чара өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы  Сооронбай Жээнбеков 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышты.

Президент Ооган согушунун ардагерлеринин  аскердик милдетин аткаруудагы эрдигине таазим этип, алардын эрдиги Мекенди коргоонун бийик үлгүсү болуп кала берерин билдирди.

Ошондой эле Ооган согушунан  кайтпай калгандардын, мекенине келгенден кийин курман болгондорду эскерип, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Алардын жаркын элесин эскерүү үчүн бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков афганчы-жоокерлердин тажырыйбасы азыр дагы Куралдуу Күчтөргө, укук коргоо органдарына, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишине керектигин баса белгиледи.

Салтанаттуу жыйында Афганистандагы согуштун ардагерлеринин республика боюнча кеңешинин жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жана Афганистандагы согуштун ардагерлеринин кыргыз коомдук кыймылынын төрагасы Абдыгул Чотбаев чыгып сүйлөштү.

Ооган согушунун ардагерлерине  сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13