KELECHEK
rek

Өзбекстан атайын кызматынын мурдагы башчысы камакка алынып, сурак берүүдө

Өзбекстан атайын кызматынын мурдагы башчысы камакка алынып, сурак берүүдө

Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин бөгөт чарасы каралып, аны бир айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

«Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана «Пара берүү» беренелери боюнча айыпталып жаткан атайын кызматтын мурдагы башчысы учурда УККнын тергөө абагында сурак берүүдө.

Буга чейин айрым өзбек ЖМКлары өлкөнүн атайын кызматын бир жылдан ашык башкарган Ихтиёр Абдуллаев быйыл 8-февралда кызматтан алынганын билдиришкен. Анда анын акыркы жылдары омуртка тутумунун бел жана моюн бөлүгүнө эки жолу, ошондой эле көзүнө бир жолу операция жасатканы кабарланган.

УКК офицерлеринин билдиришинче, Абдуллаевге каршы анын мурдагы кеңешчиси Алишер Эшанхажаев көрсөтмө берип, кылмыш иши козголгон. Алардын айтымдарында, Эшанхажаев учурда укук коргоо органдарынын тергөө абагында камакта жатат.

Өзбек аткаминерлеринин бири Ихтиёр Абдуллаев кол алдындагы ондогон кызматкерге кылмыш иши козголуп, камалгандан кийин кызматтан алынганын билдирген.

Өкмөткө жакын булактын маалыматына караганда, 10-11-февраль күндөрү Өзбекстанда УККнын жүзгө жакын кызматкерине каршы кылмыш иштери козголуп, бардыгы камакка алынган.

Ихтиёр Абдуллаев атайын кызмат президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефондорун тыңшап келгендиги белгилүү болгондон кийин Мирзиёевдин «каарына калганы» айтылууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53