KELECHEK

Украинадагы президенттик шайлоого 44 талапкер катышат

Украинадагы президенттик шайлоого 44 талапкер катышат

Киев аялдамасындагы талапкерлердин үгүт жарнактары: мурдагы премьер Юлия Тимошенко менен учурдагы президент Петра Порошенко

Украин бийлигинин маалыматы боюнча мартта өтө турган президенттик шайлоого рекорддук сандагы 44 талапкер катышат.

Талапкерлигин экинчи ирет коюп жаткан өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко Украинанын Европа Биримдиги менен НАТОго мүчө болушу үчүн жасалып жаткан иштерди уланта турганын убада кылууда.

Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, 31-мартка белгиленген шайлоодо анын эң күчтүү атаандаштары Юлия Тимошенко менен куудул Владимир Зеленский болот.

Өлкөдөгү эң бай делген саясатчы, 53 жаштагы Петро Порошенко бийликке мурдагы президент Виктор Януковичти тактан кулаткан 2014-жылкы Майдан окуясынан кийин келген.

Ал Батыш менен интеграцияны колдоп, Крымды тартып алгандыгы жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатканы үчүн Орусияны сындап келет.

Украинадагы 2004-жылкы революциянын лидерлеринин бири болгон 58 жаштагы Тимошенко 2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо Порошенкого утулуп калган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда парламенттик шайлоого даярдыктар башталды

Тажикстанда парламенттик шайлоого даярдыктар башталды

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандагы саясий партиялар өлкө...

Шайлоо 2019-05-15  07:36

Казакстанда Токаев расмий түрдө президенттике талапкер катары...

Казакстанда Токаев расмий түрдө президенттике талапкер катары...

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда Касым-Жомарт Токаевди Казакстан президенттигине талапкер катары...

Шайлоо 2019-05-03  16:43

Казакстанда президенттик шайлоо үчүн 9 талапкер каттоодон өттү

Казакстанда президенттик шайлоо үчүн 9 талапкер каттоодон өттү

Жекшемби, 28-апрелде Казакстанда саясий партиялар менен коомдук уюмдар атынан президенттик шайлоого...

Шайлоо 2019-04-29  15:55

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

 «Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев партиянын съездинде сенаттын мурдагы...

Шайлоо 2019-04-23  16:28

БШК: Зеленский добуштардын 73 пайызына ээ болду

БШК: Зеленский добуштардын 73 пайызына ээ болду

Владимир Зеленский

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык,...

Шайлоо 2019-04-22  14:44

Эрдогандын партиясы Стамбулда кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды

Шайлоо 2019-04-17  22:59

Трамп жаңы президенттик кампания үчүн 41 млн доллар чогултту

Трамп жаңы президенттик кампания үчүн 41 млн доллар чогултту

АКШ президенти Трамптын тарапташтары

АКШ президенти Дональд Трамптын командасы 2020-жылы...

Шайлоо 2019-04-15  17:10