KELECHEK
rek

Баткен: Каада-салттагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже даярдалууда

Баткен: Каада-салттагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже даярдалууда

Чыгымдарды азайтуу боюнча эрежелер Кадамжай районунун тургундарынын облустук бийликке жиберген кайрылуусунун негизинде даярдалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Анын маалыматында айтылгандай, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында өткөн жылдын соңунда аш-тойлордогу ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже кабыл алынган. Чыгымдарды үнөмдөө, кабыл алынган эрежени бирдей сактоо боюнча аталган айыл аймагында элдик талкуулар өтүп, жалпы колдоого алынган. Бул демилге ишке аша баштаганы жылыштар байкалып, элдин колдоосуна алынган соң, Ак-Турпак айыл аймагынын тургундары эрежени Кадамжай районуна жайылтыш үчүн атайын кайрылуу кабыл алышкан.

Эми бул эрежени жалпы Баткен облусунун аймагында сактоо боюнча облустук бийлик аракет кылып, аш-тойлордогу чыгымдарды азайтууга багыттылган талаптар иштелип чыгууда. Ар тарабы иликтенген соң эрежелер облус элинин талкуусуна чыгарылат.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Баткен облусу боюнча бир жылда 6 миңден ашык той-маараке өтөт. Маркумду жерге берүү, кыркы, аш берүү сыяктуу жөрөлгөлөрдү эске албаганда да той-аштар үчүн эле зарыл чыгымдан тышкары ашыкча сарпталып жаткан каражат 4 млрд. сомду чапчып түшөөрүн жергиликтүү экономисттер эсептеп чыгышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41