KELECHEK

Астанада бир үй-бүлөнүн төрт баласы иске ууланып, ооруканага жаткырылды

Астанада бир үй-бүлөнүн төрт баласы иске ууланып, ооруканага жаткырылды

9-февраль кечинде Астананын Ойыл көчөсүндөгү эки кабаттуу жатаканада өрт чыгып, жыйынтыгында бир үй-бүлөнүн 2006чы, 2009чу, 2012чи жана 2013-жылы туулган балдары иске ууланды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жатаканадагы бөлмөлөрдүн бириндеги кийим-кече жана эмеректер өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр имараттан 11 кишини, анын ичине бир баланы сыртка чыгарышкан.

«Истүү газга ууланып бир үй-бүлөнүн төрт баласы ооруканага жаткырылды. Өрттү өчүрүүгө жеке курамдын 15 кызматкери жана 4 өрт өчүрүү унаасы катышты», — деп билдиришти комитеттин басма сөз кызматынан.

Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт электр зымдарынын бири-бирине тийишүүсүнөн улам келип чыккан.

Жума күнү Астанадагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө истүү газ тууралуу кабар берүүчү атайын жабдуулар орнотула баштаган. Мындай рейддер Казакстандын башка аймактарында дагы жүргүзүлүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эки күндө кызамыктан күмөн санаткан 23 киши ооруканага түштү

Эки күндө кызамыктан күмөн санаткан 23 киши ооруканага түштү

Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев...

ДЕН СООЛУК 2019-02-19  08:16

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана...

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө...

ДЕН СООЛУК 2019-01-28  20:58

Өзбекстан туура эмес тамактануу боюнча өлүм деңгээли жогору...

Өзбекстан туура эмес тамактануу боюнча өлүм деңгээли жогору...

Фридрих Шиллер атындагы Йена университетинин окумуштуулары туура эмес тамактануу боюнча...

ДЕН СООЛУК 2019-01-14  13:19

Тажикстанда эмчек рагынан жапа чеккендер көбөйүүдө

Тажикстанда эмчек рагынан жапа чеккендер көбөйүүдө

Медициналык иликтөөлөргө караганда,...

ДЕН СООЛУК 2019-01-08  04:17

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер дене тарбия көнүгүүлөрүн...

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер дене тарбия көнүгүүлөрүн...

Мындан ары Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлер...

ДЕН СООЛУК 2018-12-20  16:32

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив...

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив...

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыздарга 16 жаштан тарта ата-энесинин макулдугусуз эле...

ДЕН СООЛУК 2018-11-29  19:02