KELECHEK
rek

АКШнын Сириядагы союздаштары «ИМ» тобуна каршы «акыркы кармашын» баштады

АКШнын Сириядагы союздаштары «ИМ» тобуна каршы «акыркы кармашын» баштады

Сириянын демократиялык күчтөрү

АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү ишемби күнү «Ислам мамлекети» террордук тобунун көзөмөлүндөгү Сириядагы акыркы аймакка чабуулун баштады.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлү Reuters агенттигине бул чабуул алардын «ИМ» тобуна каршы Сирия аймагындагы «акыркы кармашы» экенин айтты.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириянын демократиялык күчтөрүнө, анын ичинде күрт кошуундарына абадан колдоо көрсөтүүдө.

«ИМ» тобунун жоочулары Сириянын Евфрат өзөнүнүн боюндагы беш чарчы чакырым жердеги бир нече айылды ээлеп турушат. Акыркы күндөрү ал жерлерден 20 миңдей карапайым адам көчүп кетти.

Эки жыл мурда жихадчылар Сириянын бардык түштүк-чыгышын көзөмөлдөп турушкан.

АКШ президенти Дональд Трамп кийинки жумада Сириядагы «Ислам мамлекети» террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар 100 пайыз бошотулганы расмий жарыялана турганын билдирген.

Трамп ага чейин Сириядан АКШнын аскерлери чыгарыла турганын жарыялап, анын бул чечими Конгресстеги демократтар менен республикачылардын сынына кабылган. Алар Сирияда «Ислам мамлекети» тобу кайра күчөйт деген кооптонууларын билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52