KELECHEK
rek

Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда

Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда

Социалдык түйүн колдонуучулары былтыр күзүндө Коомдук биринчи каналда көрсөтүлө баштаган «Ак шоола» аттуу сериалдагы ала качуу көрүнүшүнө нааразылыктарын билдирип жатышат.

Сериалдын сюжетине ылайык, каармандардын бирин ала качып кетишип, жыйынтыгында ал ала качкан адамды жакшы көрүп, аны менен жашап калат. Сериалдын жаратуучулары ала качуу «кыргыз элинин байыркы салты» экенин айтышууда.

Бирок социалдык түйүн колдонуучулары бул пикир менен макул эмес. Алар тасма жаратуучуларын ала качууну жакшы өңүттө көрсөтүп, кылмышты колдоп жатат деп айыпташты. Бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн көбү тасманын эфирден көрсөтүлүшүнө кандайча уруксат берилгенине түшүнбөй турган чактары. Активисттер болсо учурда бийликке кайрылуу даярдап жатышат. Алардын пикиринде, «Ак шоола» мындан ары эфирден көрсөтүлбөшү керек.

«Ак шоола» – Кыргызстандагы алгачкы сериалдардын бири. Ал мамлекеттик КТРК телекомпаниясынын каражаты жана күчү менен жети айдын ичинде тартылган. Жаратуучулар сериалга канча каражат кеткенин айтышкан жок, бирок ырасталбаган маалыматтарга караганда ага 250 миң доллар жумшалган.

Сериалдагы журналист кыздын тагдыры миллиондогон адамдарды кызыктырып, тасманын өзүнүн рейтинги жогору болду. Бирок көрүүчүлөрдүн көбүн анын сюжети таң калдырды. Экинчи пландагы каармандардын бирин ала качып, аны турмушка чыгууга мажбурлашкан. Ага күйөөсү бир нече жолу кол көтөрүп, сабаган. Бирок кыз курбусу менен сүйлөшкөндөн кийин анын жашоосу жакшы жакка өзгөрө баштайт.

Телерадиокорпорациянын бардык контенти көркөм кеңештин жактыруусунан кийин эфирге берилет. Кеңештин төрагасы Алмаз Касымалиев сериал олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгонун билдирди: андан суицид жана зомбулук көрүнүштөрү алынган. Анын айтымында, кадрда калгандын баары «этикалык жактан кабыл алына турган жана мыйзамдуу» көрүнүштөр.

«Ала качуу окуясы көчөдөгү эле кызды алып барып турмушка чыгууга мажбурлагандай одоно түрдө көрсөтүлгөн эмес. Алар алдын ала таанышып, бири-бирин жактырып калууга үлгүрүшкөн. Таанышкандан кийин ата-энеси макул болбогон учурда жигиттер кээ бирде ала качышат. Биздин азыркы турмушта ала качуу фактылары бар жана сериалда реалдуулуктун чагылышынын бири көрсөтүлгөн», — деди ал.

КТРКнын Байкоочу кеңеши жакынкы жыйынында сериал талкуулана турганын убадалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29