KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары 2019-жылдын март айынын аягына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити талкууланды.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.

«Биз эми Кыргызстанда март айынын аягында боло турчу кийинки жолугушууга даярданабыз жана сөзсүз түрдө экономикалык аракеттенишүү маселелери, ЕАЭБди бекемдөөнүн биргелешкен аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз — иштей турган маселелер арбын. Биз жалпы бажылык контурду коргоо боюнча маселелерди талкууладык. Россия Кыргызстанга тийиштүү жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрдү. Миграциялык саясат маселелери боюнча биз Кыргызстан үчүн бул канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз», — деп белгиледи Россиянын Президенти.

Ал башка талкууланган маселелердин бардыгы боюнча бир жарым айдын ичинде кеңири иштер жүргүзүлүп, Кыргызстандагы марттын аягында боло турчу жолугушууларда алардын жыйынтыкталарына үмүтүн билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан чыдамсыздык менен Сиздин биздин өлкөгө келишиңизди күтүп жатат. Бул биз үчүн абдан маанилүү саясий окуя болуп эсептелет. Биз ар дайым Сизди Кыргызстанда тосууга кубанычтабыз, Сиз менен болгон жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыктын көптөгөн маселелери чечилет. Эки тараптуу кызматташтыктын маселелеринин оң чечилишин колдонгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көп жылдан берки тарыхый достугубуз жогору баалайбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12