KELECHEK
rek

Базар-Коргон айылынын тургундары Президентке жана жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту

Базар-Коргон айылынын тургундары Президентке жана жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту

Базар-Коргон айылынын тургундары Кыргыз Республикасынып Президенты С.Ш.Жээнбековго, КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Д. Сагынбаевке, КР Жогорку сотунун төрайымы А.Токбаевага, КР Башкы прокурору О.Джамшитовго кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда төмөндөгүдөй айтылат:

- Биз Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү" мыйзамына жана “Соттук-укуктук реформа” жөнүндөгү саясатка каршы иштеген сот органдарынын судьяларынын мыйзамсыз аракеттерине көңүлүнүздөрдү буруу менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургундары тийиштүү чечкиндүү чараларды көрүүнүздөрдү суранабыз.

Тактап айтканда, Сариев Чынгыз Акимович мамлекеттик кызматта 9 жылдык эмгек стажы бар деген жасалма эмгек китепчесин билип туруп, Базар-Коргон айыл аймагынын башчылыгына талапкерлигин коюп, 2017-жылы 18-январында аймактык шайлоо комиссиясына жасалма. эмгек китепчесин колдонуп тапшырып, 2017-жылдын 8-февралында шайлоого катышып, Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Мындан сырткары Ч.Сариев айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунда иштеп туруп, кызмат абалынан пайдаланып, 2017-жылдын март айларында айыл өкмөтүнүн короосунда көп жылдан бери өсүп турган 2 түп жаңгак, 4 түп өрүк  жана 2 түп алма бак-дарактарын экология башкармалыгынын уруксаты жок эле өзү билемдик менен түп тамырынан кыйдырып алып бак-дарактарды айыл өкмөтүнө кириштебестен үйүнө алып кетип калган.

Бул фактылар боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иштер козголуп тергөөнүн жыйынтыгы менен Ч.А.Сариевке карата Кыргыз Республикасынып Кылмыш - жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бөлүмү, 279-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 2-п., 2791 – беренесинин 3-бөлүмүндө  көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, соттук кароого жөнөтүлгөн.

2018-жылдып 22-мартында кылмыш иши Базар-Коргон райондук соту тарабынан каралып, соттун өкүмү менен Ч.Сариев күнөөлүү деп табылып, жасалма эмгек китебин колдонгондугу үчүн 10 000 сом айыпка, өрүк, алма кыйгандыгы үчүн 75000 сом айыпка кириптер болгон. Ал эми жаңгактарды кыйгандыгы үчүн 6 жылга эркиндигенен ажыратылып, 3 жыл мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган (судья: М.Нармырзаев).

Бирок.2018-жылдын 25-июнунда Жалал-Абад облусунун жазык иштери жана администритивдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы Ч.Сариевтин аппеляциялык даттануусунун негизинде кылмыш ишин карап, Базар-Коргон райондук сотунун аталган кылмыш иши боюнча чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, мыйзамсыз бак дарактарды кыйгандыгы боюнча Ч.Сариевти актап, ал эми жасалма эмгек китепчесин шайлоодо колдонгондугу үчүн 10 000 сом айыпка кириптер кылуу аныктамасын кабыл алган. (судьялар: Б. Султанканов, III. Миталипов, Н.Миркамилов)

Прокуратура органдары тарабынан облустук соттун судьялары тарабынан мыйзамсыз чыгарылган соттук актыларга көзөмөлдөөчү орган катары эч бир чара көрүлбөй көз жаздымында калган.

Бүгүнкү күндө  Ч.Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл даттануу менен кайрылып, жсасаган кылмыш иши боюнча биротоло актоо өкүмүн чыгарып берүүнү сурап кайрадан Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна келүү аракетин көрүүдө.

Жогорудагылардын негизинде, бул резонанс жараткан кылмыш ишин тыкыр көзөмөлгө алып, мыйзамсыз Ч.Сариевти актаган Жалал-Абад облустук сотунун судьяларына чара көрүү жагын элдин атынан суранабыз.

Сиздерди урматтоо менен, Базар-Коргон айылынын тургундары:

  1. Ч.Абдирасулова, "Жакырларды колдоо коомунун" төрайымы,
  2. Эргешов К.
  3. Улукбекова Д.
  4. Муктарканова М.
  5. Халыкбаева Ю.
  6. Хурвалиева К.
  7. Көчөров Д.
  8. Сатвалдиев Э.
  9. Каримжанов Н.
  10. Атабекова Р
  11. Култаев Н.
  12. Шабданов Т.
  13. Бойгазыев Э.
  14. Сейдакмат у.Ж.
  15. Эралиев А
  16. Юсупова Х.
Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41