KELECHEK

Коопсуздук кеңеши: Атамбаевге каршы көрсөтмө берилсе, ага кылмыш иши козголушу мүмкүн

Коопсуздук кеңеши: Атамбаевге каршы көрсөтмө берилсе, ага кылмыш иши козголушу мүмкүн

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сотто көрсөтмө берилсе, ага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

«Кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө айтсам, бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгер сотто каршы көрсөтмө берилсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Азырынча андай көрсөтмө жок», - деди Сагынбаев.

Ал экс-президенттин макамы тууралуу мыйзам долбоору учурда парламентте каралып жатканын, анын жыйынтыгында кол тийбестик маселеси боюнча чечим кабыл алына турганын кошумчалады.

Былтыр октябрдын башында Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин кепилдеген «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамдын 12-беренесин Конституцияга каршы келет деп тапкан. Анда палата кол тийбестик алынышы мүмкүн экенин, бирок анын процедурасы импичменттен жеңил болбошу керектигин билдирген.

Кыргызстанда экс-президент макамына Роза Отурбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев революциядан кийин бул макамдан ажыратылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт чыры боюнча түшүндүрмө берди

Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт чыры боюнча түшүндүрмө берди

Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалыматка караганда, биометрикалык паспорттун бланктарын...

УКУК 2019-04-18  12:19

Өзбекстанда миграция агенттигинин мурдагы жетекчилигинин соту...

Өзбекстанда миграция агенттигинин мурдагы жетекчилигинин соту...

Ташкент шаардык сотунда Эмгек миграция маселелери боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Равшан...

УКУК 2019-04-17  23:28

Өкмөт «тонировканы» мыйзамдаштырууну карап жатат

Өкмөт «тонировканы» мыйзамдаштырууну карап жатат

Кыргыз өкмөтү автоунаалардын айнегин...

УКУК 2019-04-16  10:04

Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып...

Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып...

Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду

Бул тууралуу башкы...

УКУК 2019-04-16  17:37

Ташкентте салык кызматкерлери жапырт жумуштан бошотулду

Ташкентте салык кызматкерлери жапырт жумуштан бошотулду

Ташкент шаарындагы Шайхантахур райондук салык инспекциясынын жаңы жетекчиси 128...

УКУК 2019-04-16  17:50

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине...

УКУК 2019-04-14  05:38

Өз атасынан төрөгөн 15 жаштагы кыз баласынан баш тартты

Өз атасынан төрөгөн 15 жаштагы кыз баласынан баш тартты

Өзгөн районунда өз атасынан боюна...

УКУК 2019-04-13  04:55