KELECHEK

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өткөн жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өткөн жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү

Кечээ, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иштердин бир жылдык жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Маалымат жыйыны 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жыйынтыктарына арналды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө бир топ иштер аткарылганын билдирди. Жалпысынан өткөн жылы коррупция фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголгон. Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке зыян келтирүүнүн суммасы 6 млрд 927 миллион сомду түзгөн.

Маалымат жыйынын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулукта кызуу талкууланып, резонанс жараткан коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштерине токтолуп, кенен маалымат берди.

Ал коррупция фактысы боюнча чуулгандуу кылмыш иштерин атап, мамлекетке миллиард сомдук зыян келтирүүлөр менен ири коррупциялык схемалар ачыкталганын, буга ири саясий кызмат адамдары катышканын айтты.

Маалымат жыйынын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

http://kogart.kg/?view=news&id_news=3967

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Шашылыш билдирүү: 23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

Шашылыш билдирүү: 23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-августтарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт:...

КООМ 2019-08-22  02:48

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту, 40 пайызы канализация системасын...

КООМ 2019-08-21  18:34

Ташкент мэри кабылдамасына келген тургундарды тилдеди

Ташкент мэри кабылдамасына келген тургундарды тилдеди

Ташкент шаарынын акимине жолугушуу үчүн келген...

КООМ 2019-08-21  20:07

Орусиянын «кара тизмесинде» 64 миңден ашуун кыргызстандык бар

Орусиянын «кара тизмесинде» 64 миңден ашуун кыргызстандык бар

2019-жылдын июлундагы эсепке ылайык, Орусиянын «кара тизмесинде» 64 792 кыргызстандык бар....

КООМ 2019-08-20  18:50

Бүгүн Майлуу-Суу шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт

Бүгүн Майлуу-Суу шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун...

КООМ 2019-08-16  02:31

Жалал-Абадда ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

Жалал-Абадда ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун Мундуз айылындагы КР ӨКМнин...

КООМ 2019-08-15  12:25