KELECHEK
rek

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районуна иш сапары менен барды (ФОТО)

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районуна иш сапары менен барды (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ноокен районуна иш сапары менен барды.

Алгач, иш сапардын башында Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун эли менен жолугушту. Аталган жолугушууну Ноокен районунун акими Э. Маматаев алып барып, облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Өкүл К. Сатыбалдиев: "Башка аймактар сыяктуу эле Ноокен районунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү учур талабы. Биз бул жерге маалымат бергени эмес. сиздерден суроо-сунуш, көйгөйлөрдү укканы келдик. Кайсы тармакта кандай көйгөйлөр болсо айтсаңыздар, тиешелүү жетекчилер жеринде жооп берип, чечүү маселесин колго алышат"-деп белгиледи.

Үч саатка созулган жолугушууда жергиликтүү эл тарабынан аймактагы бир катар социалдык маселелер айтылып, мектеп, кадр маселеси, жол, ичүүчү суу сыяктуу көйгөйлөр туурасында суроолор берилип, тармактык жетекчилерден жооптор алынды.

Ошондой эле иш сапардын алкагында,  Масы айылындагы Шамшидин Сүйөркулов атындагы Ноокен аймактык ооруканасынын абалы менен таанышып, медициналык жабдууларын көрдү.

"Натыйжалуу аракеттердин натыйжасында 191 койкага ылайыкташтырылган оорукананын абалы көңүл жылытаарлык. Оорукананын аймагына кайра калыбына келтирүү борбору курулса, жергиликтүү тургундар үчүн дагы да жакшы шарт түзүлөт. Анткени материалдык-техникалык база жетиштүү", - деп белгилеген К. Сатыбалдиев жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, аймактык оорукана 7 бөлүмдөн жана 5 пара клиникалык бөлүмдөрдөн туруп, 57 дарыгер эмгектенет.

Облус жетекчи андан соң, Ноокен районунун Арал айыл аймагындагы Жогорку Арал айылында жайгашкан "Иса агай" атындагы №29 балдар бакчасын көрүп, абалы менен таанышты.

"Облусубузда "2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылында" бир катар социалдык обьектилер курулуп, пайдаланууга берилди. Быйылкы 2019-жылы да курулуш иштерине өзгөчө басым жасап, мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттен, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу, чет элдик грант, инвестициялар аркылуу билим берүүчү мекемелерди көбөйтүп, балдардын татыктуу тарбия, жетиштүү билим алуусуна колдон келишинче шарт түзүшүбүз кажет”, - деп белгиледи К. Сатыбалдиев.

"Иса агай" бала бакчасы 75 балага ылайыкташып, жергиликтүү жана райондук өнүктүрүү фонду аркылуу, 13 млн. 141 миң сом акча каражатына салынган. Мекемеде 18 кызматкер эмгектенет.

Өкүлдүн басма сөз катчысы Н.Алмазбекова. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41