KELECHEK
rek

Дональд Трамп өлкөдөгү абал тууралуу Конгрессте кайрылуу жасады

Дональд Трамп өлкөдөгү абал тууралуу Конгрессте кайрылуу жасады

Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстин Сенат жана Өкүлдөр палатасынын биргелешкен жыйынында «Өлкөдөгү абал тууралуу» кайрылуусун жасады. Бул анын мамлекет башчылыгына келгенден берки экинчи кайрылуусу.

Трамп алгач ал башкарган эки жыл ичиндеги экономикалык жетишкендиктерге токтолду. Президенттин айтымында, ал бийликке келгенден бери өлкө экономикасы акыркы он жылдыкка караганда эки эсеге өсүп, көптөгөн жумуш орундары түзүлдү.

Трамптын кайрылуусунун көпчүлүк бөлүгү мыйзамсыз миграцияга арналды. Ал Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү түзгөн демократтарды биримдикке чакырып, Мексика менен чек арага дубал тургузуу зарыл экенин дагы бир жолу белгиледи.

АКШнын кыска жана орто аралыкка учкан өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн макулдашуудан чыгып жатканы тууралуу айткан Трамп бул үчүн жоопкерчиликти Орусияга жүктөп, Москваны көптөгөн жылдардан бери келишимди бузуп келген деп айыптады. Ал Кытайдын катышуусунда жаңы келишим түзүлбөсө, анда жакынкы жылдары курал-жарак менен инновацияларга жумшалган чыгымдар боюнча АКШ бардык өлкөлөрдөн алдыга чыга турганын эскертти.

Дональд Трамп анын Түндүк Кореянын лидери менен болгон сүйлөшүүлөрү согуштун алдын алууга жардам бергенин айтты. Ал Ким Чен Ын менен кийинки жолугушуусу 27-28-февралдарда Вьетнамда өтө турганын кошумчалады.

Алгач президент Конгресстин алдында 29-январда кайрылуу жасашы керек болчу. Бирок өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп турганына байланыштуу (шатдаун) кийинкиге жылдырылган.

АКШнын президенти Конституцияга ылайык жыл сайын Конгрессте кайрылуу жасап турушу керек. Алгачкылардан болуп мындай кайрылууну 1790-жылы өлкөнүн биринчи президенти Жорж Вашингтон жасаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52