KELECHEK
rek

Астанада өрттөн каза болгон кыздар жерге берилди

Астанада өрттөн каза болгон кыздар жерге берилди

5-февралда Астанада өрттөн каза болгон бир тууган кыздардын сөөктөрү жерге берилди. Аларды акыркы сапарга узатууга жүздөгөн кишилер келишти.

Астанадагы эки бөлмөлүү жер үйдөгү өрт дүйшөмбүгө караган түнү саат үчтөрдө тутанган. Ал маалда кыздардын ата-энеси жумушта болгон. Атасы унаа оңдоочу жайда, апасы пластик карталарын өндүргөн заводго жаңы гана орношкон. Бийлик эмнегедир бул көп балалуу үй-бүлөнү социалдык турак-жай ала тургандардын тизмесине киргизген эмес. Алар аянты 30 чарчы метрди түзгөн чакан үйдө жашап келишкен.

Жалын тутанган жерге өрт өчүрүүчүлөр жети мүнөттүн ичинде жетип барганына карабастан, кыздарды куткарууга мүмкүн болгон эмес. Алар келгенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин үйдүн чатыры урап түшкөн. Кыздардын эң кичүүсү үч айлык болсо, улуусу 13 жашта болчу.

Времянка, в которой жила семья

Окуяга байланыштуу Астананын акими Бахыт Султанов дүйшөмбүдө чукул жыйын өткөрүп, бул «Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменттин катасы болгонун» айткан.

Кыздарды акыркы сапарга узатууга келген тургундар «Эмнеге калаа бийлиги көп балалуу үй-бүлөгө социалдык турак-жай берген эмес?» жана «Ата-энелери эмнеге түнкүсүн иштөөгө мажбур болушкан?» деген суроолорду беришүүдө.

Коңшулары кыздардын ата-энеси батир берүү өтүнүчү менен аткаминерлерге бир нече жолу кайрылганын айтып жатышат. Бирок калаа бийлиги үй-бүлө мындай өтүнүч менен эч канча кайрылбаган билдирүүдө. Акимчиликтин басма сөз катчысы Эльмира Жургенбаева үй-бүлө чынында эле социалдык турак-жай ала тургандардын тизмесинде жок болгонун ырастады. Анын айтымында, алар көп балалуу үй-бүлө катары катталып, айына 30 доллардын айланасында жөлөк пул алып келишкен.

«Бул үй-бүлө жөнүндө аким дагы, социалдык кызматкерлер дагы билишкен эмес. Билсе, мектептегилер эле билишкендир», — деди Жургенбаева.

Астана акимчилигинин сайтындагы маалыматтарга караганда, шаардагы өрттүн көбү (дээрлик 50%) турак-жай секторунда болсо, алардын 65 пайыздан ашыгы жеке үйлөргө туура келет. Былтыр калаада 699 өрт кырсыгы катталып, он киши каза болгон.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...